СЫДЫГАЛИЕВ ТЕКЕБАЕВДИН АЙТКАНДАРЫН ЖАЛГАН ДЕП ЧЫКТЫ (ВИДЕО)

30 декабря 2019
Версия для печати
Обратите внимание на дату публикации.

“Текебаев менен Шыкмаматовдун чырын мен билем, бирок айтпайм“,- дейт жакында мандат алган Нурбек Сыдыгалиев.

Сыдыгалиев “Медиа центр” ютуб каналына маек берип жатып,Өмүрбек Текебаевдин Шыкмаматовдун кетиши боюнча буга чейинки айткандарын төгүндөдү.

” 2015-жылы Алмамбет Насырканович менен бирге шайлоого барганбыз, ага-ини болуп жүрөбүз. Мандат тууралуу экөөбүздүн ортобузда эч кандай сүйлөшүүлөр болгон эмес, бул чындыкка дал келбейт. Шыкмаматов тизмеде 11-болсо мен 22-де турсам кантип ала алам”,-дейт Шыкмаматовдун ордуна келген Нурбек Сыдыгалиев.

Эске салсак, “Ата Мекен” партиясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов депутаттык мандатын тапшырып жана партиядан чыккандыгын жарыялаган. Ал мындай кадамын Текебаев менен пикир келишпестиктен улам жасаганын айткан. Ал эми Өмүрбек Текебаев эч кандай пикир келишпестик болбогонун, Шыкмаматов ордун мурда сүйлөшкөн боюнча Нурбек Сыдыгалиевге бошотуп берди деп айткан.

Видео

Источник: eldik.media