«Шыкмаматовдун эмгеги зор болчу, кеткени күтүүсүз болду»

Автор: Улан Талипов
Марал радиосу Марал радиосу
27 декабря 2019
Версия для печати
Обратите внимание на дату публикации.

Парламенттеги “Ата-Мекен” фракциясынын депутаты Каныбек Иманалиев фракция лидери Алманбет Шыкмаматовдун кеткени тууралуу “Маралга” комментарий берди. Ал Шыкмаматовдун мындай кадамын күтүүсүз болгон деп эсептейт:

— Алманбет Шыкмаматовдун эмгеги зор. Биздин фракциянын доосу, таарынычы жок. Текебаев лидерликтен кеткенде, 2017-жылы  Текебаевге, Саляновага жана Шыкмаматовдун өзүнө иш козголуп турган эң оор учурда фракцияны жетектеп, саясатта туруктуулугун, принциптүүлүгүн көрсөтө алды. Партия лидери менен келишпестиктен улам кеттим деп айтыптыр. Бул өтө өкүнүчтүү. Шыкмаматовдун эмне себептен Ата-Мекенден кеткенин өз оозунан уга элекмин, — деди Каныбек Иманалиев.

Ал ошондой эле бүгүн саат 11:00дө жыйын болорун, жыйында бардык жагдайлар маалым болорун кошумчалады.

Источник: maralfm.kg