Сариев: Бир партия шаардагы билбордордун баарын алып койду

18 декабря 2019
Версия для печати
Обратите внимание на дату публикации.

Бишкекте  кечээ күнү «Ата Мекен», «Бүтүн Кыргызстан», «Ак Шумкар»  жана «Улуттар биримдиги» партияларынын лидерлери жана жарандык активисттер шайлоо мыйзамын талкууга алышты. Жыйында бир топ сындар айтылды. Ошону менен бирге шайлоо босогосун 5 пайызга түшүрүү маселесин козгошту.  Бирок ушул жыйында айтылгандарды бийлик эске алабы, бул жагы башка кеп. Сариев өз сөзүндө: “Акча балээ. Шайлоонун баарын бузган акча. Шайлоо маселесин, партиялар  муну  бир акционердик коом кылып алышты. Буга биз сөзсүз түрдө каршы турушубуз керек. Бүгүн мен угуп жатам, бир партия шаардагы жарнама жарыялай турган билбордордун баарын алып, акчасын төлөп, келишимин түзүп коюптур ” – деп баса белгиледи. Сариев да болгон чындыкты айтты.

Албетте, ал партия кимдин партиясы экенин билип жаткандар аз эмес. Атын айтпасак да өзүӊүздөр жакшы билесиздер… Келаткан шайлоо мыйзамында эмес, жалаӊ арам акчанын гана шайлоосун болоору эмитен эле даана көрүнүп турат. Иттики…

Источник: chagylgan.kg