«Азаттыктын» «куралына» айланган Чолпон Абдрахманова

17 декабря 2019
Версия для печати
Обратите внимание на дату публикации.

Жакында эле мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков Бириккен Араб Эмираттарына иш сапары менен барып, Дубайда Кыргызстандан барып иштеп, окуп жүргөн мекендештер менен да жолугушкан. Ошол жолугушууда Чолпон Абдрахманова аттуу мекендешибиз президентке «Азаттыктын» Кыргызстандан чыгарылып кеткен миллиондор тууралуу иликтөөсүнө байланыштуу суроо узаткан. Суроосунда ал «Райымбек Матраимовдун Дубайда 12-13 млн долларлык мүлкү бар экен» дегендей ачык эле айыптоо коюп, ушул боюнча мамлекет башчысынын пикири кандай экенин билгиси келген.
Президент «Азаттыктын» иликтөөсүн көргөнүн жана андагы айтылгандарды иликтөө үчүн тапшырма бергенин, азыркы тапта тергөө жүрүп, маалымат текшерилип жатканын билдирген эле. Анан Чолпон Абдрахманова «карындашым» деп кайрылып, анын бул маалыматты текшерүүдө тиешелүү укук коргоо органдарына жардам кылуусун суранган.
Анан эле бул суроо-жоопту айрым маалымат каражаттары «ала качып» кетишти. Ч. Абдрахманова өзү болсо маалымат булактарынын бирине президенттин жообуна ыраазы болбой калганын айтып, анан дагы «Мен президенттин жарандарга кандайдыр бир урмат-сый менен мамиле кылышын каалайм жана кыздарга «карындашым» деп кайрылбашын каалайт элем» дептир.
Биринчиден, «карындашым» деп кайрылуунун кандай катачылыгы бар? Эзелтеден кыргыз элинде «карындашым» деген сөз сый-урмат менен мамиле кылуу болуп эле саналат. Анын аты-жөнүн билбесе, анан башкача эмне деп кайрылыш керек эле?
Экинчиден, Чолпон Абдрахманова Дубайга барганга чейин (2016-жылы) Россиянын Москва шаарында Экономиканын жогорку мектебинде окуган экен. Ошол кезде «Азаттык» аны «Москва көз жашка ишенбейт» деген рубриканын алдында баш каарман кылып алып чыгышкан. Андан кийин деле Ч. Абдрахманова «Азаттык» менен тыгыз байланышта болуп келген. Мындан улам анын Дубайда Матраимовдор боюнча мамлекет башчысына атайын суроо бергенинин артында кимдер турганын оңой эле боолгоолого болот. Ал «Азаттыктын» колундагы «куралы» болуп берди. Мына ушундай аракеттери менен алар өздөрүнүн бир тараптуу журналисттик иликтөөлөрүнө коомчулукта оң пикир жаратуу аракетин көрүшүүдө. Эгерде ошол иликтөөгө реалдуу көз караш менен караган адам болсо, анда «Эмне үчүн «Азаттык» бул дүйнөдөн көзү өтүп кеткен бир адамдын эле айткандары менен башка бир адамды ачык эле каралап жатат?» деген суроону да берет болчу. Тилекке каршы, андай суроону «Азаттык» өзүнөн алыс кубалап турат.

Источник: tezkabar.org