Аида Салянованын иши: Сот отуруму 12-декабрга жылдырылды

11 декабря 2019
Версия для печати
Обратите внимание на дату публикации.

Баракелде -  Бүгүн, 10-декабрда Жогорку сотто мурунку башкы прокурор Аида Салянованын жактоочусунун арызын кароо улантылмак. Бирок сот отуруму 12-декабрга жылдырылды.

Жактоочу Рабига Садыкова А.Салянова тергөө иш-чараларына барышы керектигин айтып, отурумду жылдырууну сурады. Судья өтүнүчтү канааттандырды.

А.Салянова буга чейин кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренеси боюнча соттун бардык инстанциясында күнөөлүү деп табылган. Соттун өкүмү боюнча, ал 2010-жылы юстиция министри болуп иштеп жатканда Алексей Елисеевдин жактоочулук лицензиясын мыйзамсыз узартып берген.

Юристтер жаңы кодекстер күчүнө киргендиктен бул айыптоолор А.Саляновадан алынышы керек деп эсептешет. Анткени бул жосундар декриминализацияланып жатат.

2017-жылы 10-октябрда Бишкек шаарынын Ленин райондук соту Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Аида Саляновага карата өкүм чыгарган. Өкүмдө депутаттын кичүү кызы 14 жашка толгонго чейин мүлкүн конфискациялоо менен 5 жылга эркинен ажыратуу чарасын токтотуу чечими кабыл алынганы айтылган. Жогорку сот соттун буга чейинки инстанцияларынын чечимин күчүндө калтырган.

---------------------------------------------------------------------------

А.Салянова ушул жылы 4-июнга караган түнү «Мыйзамдагы ууру» аталган Азиз Батукаевдин камактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча кармалган.

Биринчи май райондук соту 15-августта А.Салянованы үй камагына чыгаруу чечимин кабыл алган. Мындай чечимге анын тергөө менен кызматташууга каалоосу бар экени себеп болгон.

Источник: Баракелде