Отунбаева “Текебаев менен Чотонов 12-23-майда Супарага барган эмес” деп көрсөтмө берди

Автор: Улан Талипов
Марал радиосу Марал радиосу
Обратите внимание на дату публикации.

Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева бүгүн Бишкектин Биринчи май райондук сотунда «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы министр Дүйшөнкул Чотоновдун сотунда көрсөтмө берди.

Отунбаева Ош, Жалал-Абадда жагдай курчуп тургандыктан, 12-майда өкмөттүн имаратында чогулушуп, атайын тапшырма менен Дүйшөнкул Чотонов Ошко учуп кеткенин айтты.

Ал ошондой эле, 2010-жылдын 12-13 майында Апрель окуясында каза болгондордун 40 күндүгү өтүп, өлкөдө маанилүү күндөрдүн бири болгонун, ал күнү Отунбаева өзү каза болгондордун ата-энеси менен жолугушканын эскерди.

Источник: maralfm.kg