Депутат Алмамбет Шыкмаматов ишкер Айэркен Саймаитинин өлүмү боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянан депутат Искендер Матраимовду мүчөлүктөн чыгарууну талап кыларын жар салды.
Анын айтымында, анын сунушун кесиптештери колдойт деген ишенимде. Ал мындай сунушун комиссиянын биринчи отурумунда айтып, талап кылат. И.Матраимов комиссиядан чыгарылбаса, эл иликтөөнүн жыйынтыгына ишбей калат деген ойдо.
Эске сала кетсек, кечээ, 21-ноябрда ишкер Айэркен Саймаитинин өлүмүн иликтөө боюнча депуттык комиссия түзүлгөн. Ага алты фракциянын депутаттары кирген, алардын арасында Искендер Матраимов да бар.