Видео – Алтынбек Сулайманов, ЖК депутаты: “Саймаити боюнча депутаттарды, мени каралаган күчтөр көбөйдү. Андыктан депутаттык комиссия түзұү керек”

Обратите внимание на дату публикации.

 Бүгүн, 21-ноябрда Жогорку Кеңеште кытай жараны, жеке ишкер Айеркен Саймаитинин өлүмүнө байланыштуу убактылуу депутаттык комиссия түзүүнү айрым депутаттар сунуштады.

«Бир Бол» фракциясынын төрагасы Алтынбек Сулайманов ал тууралуу фракциянын  чечими даяр экендигин айтты. Ошондой эле ал боюнча алаксытуучу маневр болуп, айрым депутаттарды, аны каралаган күчтөр көбөйгөнүн баса белгиледи. “Кандайдыр бир күчтөр өзүнөн башка жакка бургусу келип жатат. Саймаити ким, Кыргызстанга качан келген, кантип кеткен, кыргыз паспортун кантип алган, кыргыз дипломатиялык машинасында кантип жүргөн, ал ким менен жакын, ким менен душман болгонун иликтеш керек”,-деди депутат.

Алтынбек Сулаймановдун мындай сунушун Жанарбек Акаев колдоду. Төрөбай Зулпукаров Саймаитинин өлүмү боюнча ар кандай жоромолдорду кимдир бирөөлөрдүн “алаксытуу тактикасы” деп атап: “Өлүмгө биздин тиешебиз жок. Укук коргоо органдары текшерет. Түркиянын полициясы өтө күчтүү иштейт”,-деди. Ал эми спикер Дастанбек Жумабеков мындай комиссия түзүүгө каршылыгы жок экенин, маселе добуш берүү аркылуу чечилерин айтты.

Эске сала кетсек, эл аралык издөөдө жүргөн жеке ишкер Айэркен Саймаитини 10-ноябрда Стамбулдагы отелдин багында отурган жеринен атып кетишкен. Каза болгон жеринде анын Range Rover үлгүсүндөгү машинасы табылып, 34 CC 2092 номуру Кыргызстандын Стамбулдагы Генконсулдугуна катталганы маалымдалган. Бул окуяга Кыргызстандын Стамбул шаарындагы мурунку башкы консулу Эркин Сопоковдун да аты аталган. Бирок ал журналисттердин суроосунан качып, жооп берүүдөн баш тартып келген. Ал ээлеген кызматынан президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен бошотулган. Анын кызматтан алынышы боюнча Тышкы иштер министрлиги  расмий маалымат тараткан.

12-ноябрда Айэркен Саймаитини өлтүрүүгө шектелип үч киши кармалып, экөө Кыргызстандык экенин Түркиянын ММКлары жазып чыккан. Ага жооп кылып, биздин Тышкы иштер министрлиги  13-ноябрда “Саймаитини өлтүрдү» деген шек менен кармалгандардын үчөөнүн экөө Кыргызстандык” деген маалымат туура келбесин, алар оозеки гана айтканын, алардын жанында документ жок экенин билдирген.

13-ноябрда Жогорку Кенештин сессиясында бул маселени айрым депутаттар көтөрүп чыккан. Муну менен катар кечээ Мамкаттоо “Кыргызстандыкмын” деген эки шектүү боюнча маалымат берүүдөн баш тартып коюшкан. Эртеси, 14-ноябрда, Мамлекеттик каттоо кызматы: “А.Саймаитинин өлүмүнө шектелип кармалган Хусеин Ахметалиев менен Абдулла Энвер Кыргызстандын жарандары эмес жана аларга паспорт берилген эмес” деген расмий маалымат тараткан.

14-ноябрда Түркиянын “Сабах” аттуу  гезити шектелип жаткандар Айэркенди 1 млн 250 миң доллар карызы үчүн өлтүрүлгөндүгүн жазып чыкты.

14-ноябрда ТИМдин басма сөз кызматы Стамбул шаарындагы мурдагы консул Эркин Сопоковдун ишмердүүлүгүн текшерүү үчүн жумушчу топ түзүлгөнүн билдирген.

16-ноябрда Саймаитинин өлүмүнө шектелип төртүнчү шектүү кармалганы маалымдалган.

18-ноябда А.Саймаитинин ЖК депутаты Дүйшөн Төрөкулов менен түшкөн сүрөтү социалдык тармактарга жарыяланган, бул боюнча үн ката элек. Ошондой эле  ЖК депутаттары Төрөбай Зулпукаров менен Алтынбек Сулаймановдун да Саймаити менен мамилеси жакшы болгону жазылып, айтылып келет. Ошол боюнча жогоруда А.Сулайманов айтып, жооп берип жатат. Ал эми Т. Зулпукаров да жооп берип, ал Айэркен Саймаити менен эмес, Эркин Сопоков менен жакшы мамиледе болгонун айткан.

Видео

Источник: Кyrgyztoday