Дастанбек Жумабеков айылдык кеңештин депутаты жогорку билимдүү болсун деген талапка каршы

Автор: Улан Талипов
Марал радиосу Марал радиосу
Обратите внимание на дату публикации.

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков жергиликтүү кеңештин депутаты жогорку билимдүү болушу керек деген талапка каршы. Мындай пикирин спикер бүгүн парламенттин жыйынында “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралып жатканда билдирди.

Төрага айылда мындай талаптын кереги жок экенин, анткени айылдагы жогорку билимдүүлөрдүн баары шаарда же башка жерлерде иштеп, жашашат.

Айылдагы тың чыккан фермер, айдоочу же коомдук ишмер эмне үчүн депутат боло албасын? Аларды шайлоого катыштырбоо — алардын укугун чектегендик болуп калат. Мен буга каршымын — деди спикер.

Бүгүн парламентте жергиликтүү бийлик органдарынын ишин жөнгө салуучу бир катар мыйзамдарга киргизилүүчү өзгөртүүлөр талкууланууда.

Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерде 7,5 миңге жакын депутат бар.

Источник: maralfm.kg