Саймаитини 1 млн 250 миң доллар үчүн өлтүрүшкөн

Автор: Айпери Кыдырали кызы
Марал радиосу Марал радиосу
Обратите внимание на дату публикации.

Уйгур тектүү кытай жараны Айеркен Саймаитини өлтүрүүгө шектелип кармалган Кыргызстандын эки жараны жана Сириянын бир жараны ишкерди 1 млн 250 миң доллар карызы үчүн өлтүргөнүн айткан. Бул тууралуу Түркиянын Сабах гезити жазып чыкты.

Ал эми Түркиядагы Е24 сайты жазган маалыматка ылайык, жалданма киши өлтүргүчтөргө 1 миллион доллар төлөнүп берилген. Шектүүлөр Сирия аймагындагы конфликтке тийиштиги бар экендигин жана Идлибде согушкан «Аль Нусра» тобундагы чет элдик күч түзүмдөрүнүн катарында болгондугун жазышууда.

«Кыргызстандык эки жаран 2017-2018-жылдары Түркиянын аймагына Сирия тараптан кирген»,- деп жазды басылма. Ошондой эле, алар жасалма сириялык күбөлүктөрүн колдонуп жүргөндүгүн да кошумчалаган.

Кармалган учурда алардын жандарынан Сирияга таандык жасалма паспорт жана айдоочулук күбөлүк табылган

Источник: maralfm.kg