«АКБ «Кыргызстан» банкын рейдерлик баскынчылык менен тартып алганын Бабанов акыры мойнуна алабы?

Аталган банктын мурдагы  ээси, негиздөөчүсү Шарипа Садыбакасова жана дагы мурдагы акционерлери маалымат жыйындарын да өткөрүп, Курманбек Бакиевдин доорунда Максим Бакиевдин жардамы менен Бабанов алардын банкынын 60% акциясын өкүмзордук менен эле тартып алганын айтып келишкен. 

Мисалы, «АКБ «Кыргызстандын» мурдагы акционерлеринин бири Калича Умуралиева банк активдери үчүн болгон  күрөшөтө кату коркутуп-үркүтүүлөр менен болгонун айтып чыккан. М. Бакиевдин булл банкты тартып алууну көздөгөнүнүн негизги максаты – таза эмес жол менен табылган акча каражаттарын адалдоо болгон дейт ал. 

2010-жылы «АКБ «Кыргызстандын» бир нече мурдагы акционерлери 2006-2007-жылдар үчүн 47 миллион сом дивиденд алуубоюнча сотко да кайрылып көрүшкөн. Бирок, сот алардын пайдасына чечпей койгон. Себеби, Ө. Бабанов ал убакта бийлик бутактарынын биринде отурганы белгилүү. 

Ошондо эле Бабанов «Мен банктын активдерин сатып алгам, мен банкты банкрот болуудан сактап калгам» кыязында актанып чыккан болчу. Анын айтымында ошол кезде банк банкротко кептелүү коркунучунда турган экен. «Кредиттер чектөө менен берилген, дивиденд төлөөдө маселелери болгон, калктан депозит алышкан эмес» деген сыяктуу сөздөрдү айткан. Анан ал банктын ушундай абалын көрүп, анын жетекчиси Шарипа Садыбакасовага жолугуп, корпоративдик башкаруу киргизүүнү сунуштаптыр. Садыбакасова андан баш тарткан экен. Андан кийин адегенде  30% акциясын сатып алуу сунушун айтыптыр, андан да баш тарткан жоопту алган. Андан соң  «Мага акцияларыңызды сатыңыз» деп, андан да баш тарткан жооп алат. 

Эми  ушул жерден суроо жаралат да, эгерде аталган банк банкроттук абалда турган болсо, анда эмнеге ага Бабанов анчалык кызыкты? Эмнеге анын акцияларын сатып алгысы келди? Бабанов  банкротко кептелип калган банкты сатып ала бергидей анчалык акылсыз эмес эле да, туурабы? 

Ошондо Ш. Садыбакасова Бабановдун мындай пикирине өзүнүн жообун журналисттер аркылуу берген. «Эл аралык банктык стандарттар менен иштеген «АКБ «Кыргызстан» республиканын финансы рыногунда татыктуу орунду ээлеп турган. Бабановдун өзүнүн көзөмөлүндөгү телеканал аркылуу 2008-жылы банк банкроттук абалда турган деген билдирүүсү - жалган. Биз түрдүү этаптардан ийгиликтүү өтүп жана жыйынтыгында ишенимдүү банктын бекем репутациясына жетишкенбиз», - деген Садыбакасова.   

Анан дагы ал ошол убакта анны президенттин администрация башчысы болуп турган Медет Садыркулов маектешүүгө чакырганын, балдарынын коопсуздугун ойлоосун айтып, банкты тынч эле берүүнү кеңеш бергенин айткан. Анан Садыркулованы Максим Бакиев менен жолуктурган. Максим Бакиев ага банкты Бабановго берүүнү айткан. Ошентип коркутуп-үркүтүүлөрдүн натыйжасында акционерлер өнүгүп жаткан банкты 20 миллион долларга сатуу боюнча документке аргасыз кол коюшкан. Ошол убакта Россиянын Борбордук банкынын баасы боюнча «АКБ «Кыргызстандын» активдеринин баасы 80 миллион доллар турган. 

Анан дагы Ш. Садыбакасованын айтымында ошол кезде Максим Бакиевге «Аманбанк» тиешелүү болгон. Россиянын Борбордук банкынын басы боюнча ал банк анда «черный банк» деген репутацияга ээ болгон. Себеби, ал банк аркылуу М. Бакиев мыйзамсыз кирешелерин адалдап турган экен. Ошондуктан М. Бакиев ал «черный банкын» ийгиликтүү банка алмаштыргысы келген. Натыйжада «АКБ «Кыргызстанды» тартып алып, анын ордуна «Аманбанкты» Ш. Садыбакасовага түртө салган. 

Кызык мына ушул жерде, Бабанов Максим Бакиевдин жардамы менен «АКБ «Кыргызстандын» акцияларын 20 млн долларга сатып алгам дегени менен, ал акчаны деле аталган банктын мурдагы акционерлери колдоруна алган эмес. Кайра ошол эле 20 млн долларды «Аманбанк» Россия-Кыргызстандык ААКнын акцияларын сатып алуу үчүн которуп жиберишкен. 

Ө. Бабанов өзү чет элдик оффшордук «CalamusInvestmen tLtd» (Кипр) компаниясы 20 млн долларды апасы Анипа Бабановадан карызга алгандыгын жана кайра кайтарып бергендигин, ошол акчага «АКБ «Кыргызстан» банкынын акциларын сатып алганын айтканы интернет булактарында бар. Тактап айтсак, аталган оффшордук компания 2008-жылы «Аманбанк» ААКсындагы Бабановдун эсебине 19 миллионго чукул доллар которгон. Ал эми 1 миллион долларды ошол эле жылы Сагадылла уулу Жаныбек Анипа Бабанованын атынан ошол эле эсепке которгон. 

Демек, «Аманбанк» Максим Бакиев жана анын жакын досу А. Елисеевге тиешелүү болгону белгилүү, анан анда Бабановдун ачылган эсеби болуп, ага ири суммада акча каражаттарын чет мамлекеттерден котортуп жаткан соң, булл үчөөнүн ортосунда жакын мамиле болгону түшүнүктүү эле болуп турбайбы. 

Мына ушул жагдайлардан улам суроо жаралат: Эгерде Бабановго банкроттук абалдабы же башка абалдабы, иши кылса банк эле керек болгон болсо, анда ал эмнеге М. Бакиевдин «Аманбанкынын» акцияларын эле сатып алган эмес? Эмнеге «АКБ «Кыргызстан» банкына эле жармашып калган? Ушул суроого ал бир коомчулуктун алдында жооп бере алат болду бекен? Ал М. Бакиевдин жардамы менен «АКБ «Кыргызстан» банкынын акциялары үчүн деп которулган 20 млн долларды кайра эле эмне үчүн «Аманбанктын» акциялары үчүн деп алып коюшкан? Жооп кандай болот болду экен?

Источник: sayasat.kg