Бакиров: Парламент олигархтык деңгээлге жете элек

Автор: Айжамал Толубай
Марал радиосу Марал радиосу
22 октября 2019
Версия для печати

Учурда парламент олигархтык деңгээлге жете элек, бирок ири ишкерлер бар. Мындай пикирди Жогорку Кеңештин вице-спикери Мирлан Бакиров «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Жогорку Кеңештин V чакырылышына бир топ тажрыйбалуу депутаттар келип, парламенттин курамы күчтүү болчу.

 «Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев бийликте турганда парламентте көз карандылык байкалган. Азыр ЖК көз каранды эмес. Анткени президент Сооронбай Жээнбеков парламентке көрсөтмө берген маселе жок», -деп кошумчалады Бакиров.

Источник: maralfm.kg