Видео – Экс-депутат Турсунбай Бакир уулу экс-президент Аскар Акаевдин калпын чыгарды

15 октября 2019
Версия для печати
Обратите внимание на дату публикации.

Бүгүн , 15-октябрда “АКИpress” маалымат борборунда “ЭрК” партиясынын лидери, экс-депутат, ажы Турсунбай Бакир уулу менен аталган партиянын лидеринин орун басары Айдар Халиков журналисттерге жыйын өткөрдү.

Анда алар Конституция боюнча референдум өткөрүү зарыл экендиги, 1999-жылдагы Баткен согушу жөнүндө болгон чындык, келээрки жылы өтө турган шайлоо жөнүндө кеңири айтып беришти. Парламенттик шайлоодо 9 пайыздык тосмону, 150 миң доллар күрөөгө коюлган акчаны алып салууну БШКдан талап кылышаарын билдиришти.

Турсунбай Бакир уулу алгач Баткен согушундагы болгон окуялар боюнча өз чындыгын айтып берди. Анын айтымында, ал жерде чоң суммадагы акча (150 миң доллар) роль ойногон. Андагы бөлұнгөн акчаны ошол учурда  бийликте (Акаевдин бийлиги жөнүндө сөз болууда ) отурган адамдар кымырып алганын жана өзү да 11 миң доллар акча алганын, аны кайсы жакка жок кылганын санап берди. Ошондой эле ал Баткен согушундагы окуяга бийликтин расмий тапшырмасы менен барганын, барып ал жердеги ишти бүтүргөндөн кийин бийликке кереги жок болуп калганын, ал жерден кантип чыкканын, дегеле Баткен согушу боюнча, андагы ири суммадагы акча тууралуу мурунку президент Аскар Акаев калп айтканын баса белгиледи.

Аскар Акаевдин бийлигиндеги таасирлүү кызматтарда отурган адамдар: Мисир Ашыркулов, Болот Жанузаков жана Амангелди Муралиевдин да аты аталды. Болот Жанузаков оозеки эмес, кагазга «3 тонна мука” деп жазганын, ал табышмактуу сөз 3 миллион доллар экенин кийин билгенин айтты.

Турсунбай Бакир уулунун айткандарын толугу менен төмөндөгү тасмадан көрө аласыздар!

Видео

 

Источник: Кyrgyztoday