Жактоочу: "Алмазбек Атамбаев Батукаевдин өлкөдөн чыгып кетиши боюнча соттук отурумга келүүдөн баш тартты"

Автор: Кызжибек Раимова
SUPER.KG SUPER.KG
11 октября 2019
Версия для печати
Обратите внимание на дату публикации.

Бүгүн, 11-октябрда Бишкектеги Биринчи Май райондук сотунда кримтөбөл Азиз Батукаевдин өлкөдөн чыгып кетиши боюнча биринчи соттук отурум өттү. Ал 14-октябрга жылганын сот залынан чыккан жактоочу Сергей Слесарев билдирди.

"Сот отуруму жылды. Буга Алмазбек Атамбаевдин Батукаевдин камактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча сотко келүүдөн баш тарткандыгы себеп болду. Атамбаев буга чейин деле бул соттук иштерде ага "дайындалган" бул ролду ойнобой турганын айткан", - деди Сергей Слесарев.

Саат 10до башталган соттук отурум ортодон 1 саатка тыныгуу алып, кайрадан 11де башталды. Бирок арадан 10-15 мүнөт убакыт өтүп сот залынан прокурорлор жана сот чыкты. Алдын ала уктурууга массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү киргизилген жок.

Бүгүнкү соттук отурумга мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын мурунку кеңешчиси Калыбек Качкыналиев жана профессор Абдухалим Раимжанов да чакыртылган.

Окуянын чоо-жайы:

Мындан 6 жыл мурун Нарын шаардык соту кримтөбөл Азиз Батукаевди "айыккыс дартка чалдыкты" деген жүйө менен бошотуп, ал ошол эле күнү өлкөдөн чыгып кеткен.

Ушул жылдын апрель айында башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов 2019-жылдын январь айынан тартып кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши кайрадан карала баштаганын айткан.

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан бошотулушун кайра кароо иши боюнча бардык кабарларды ушул шилтемеден окуй аласыз.


 

Источник: super.kg