Атамбаевдин уулу менен сүрөткө түшкөн Текебаев актанды

Саясытчы Өмүрбек Текебаев коомчулукта талкуу жараткан Атамбаевдин уулу Кадыр менен түшкөн сүрөтү тууралуу жооп берди. Еlgezit.kg агенттигине берген маегинде ал жакында болуп өткөн той тууралуу жана мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин уулу менен жубайынын ал жакка баруусунун маанисин айтып берген.

Ал эми чуулгандуу сүрөт туурасында Кадыр Атамбаевдин суранычын мен да Бабанов да четке кагып кое алган жокпуз. Ар бир бала өзүнүн атасын коргогонго толук укугу бар деген жообун айткан.

“Кадыр эмне себептен сүрөткө түшүүнү каалаганын биз билбейбиз да. Мен аны Бабанов менен сүйлөшүп жаткан учурда көрдүм, анан Бабанов Кадыр сүрөткө түшөлүк деп жатканын айтты. Бир нече мүнөт эле биз бир-эки ооз сөз алмаштык. Ооба ал менин дарегиме сын айткан, бирок ал кайра кечирим сурабадыбы. Мен анын абалын жакшы түшүнүп турам. Анткени жакында эле менин балдарымдын да абалы ошондой эле. Биз аны түртүп анын суранычын аткарбай койсок, өзүбүздү кандай сезмекпиз жана өзүбүздү кечирмек да эмеспиз”, – деди Текебаев.

Эске салсак, “Республика — Ата Журт” фракциясынын депутаты Руслан Казакбаевдин уулунун тоюна барган саясатчылар Текебаев жана Бабанов мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадыр менен сүрөткө түшүшкөн. Көп өтпөй бул сүрөт коомчулукта талкууга алынып, түрдүү пикирлер айтылган.

Источник: govori.tv