Жолдубаева: Сагымбаев кызматтык милдетин так аткарганы үчүн камалды

Фото: Кундуз Жолдубаева
25 сентября 2019
Версия для печати

Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) төрагасынын орун басары Кундуз Жолдубаева мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы Канат Сагымбаев 7-8-августта кызматтык милдетин гана аткарганын айтты.

Анын маалыматына караганда, Аскер прокуратурасы Сагымбаевге «Массалык башаламандык уюштуруу», «Топ адамдар менен киши өлтүрүү», «Кызыматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу», «Тергөө органдары же башка кызматтык органдардын ишине тоскоолдук кылуу» деген төрт берене менен айып коюп жатат.

- Бирок мунун баары теңакылгасыйбаганайыптар, - деди ал. - Канат Сагымбаев акыркы мүнөттөргөчейин кайтаруудагыобъектининкоопсуздугункамсызкылып, анынжанындажүрсөалмассалыкбашаламандыккакантипкатыштыгыболот? Ал эми «Киши өлтүрүү»боюнчашексаналыпбирадамкармалган. Сагымбаев тескерисинче«Альфанын»кызаткерлеринкоргопжүрдү. Үчүнчүайыпбоюнча, 7-августта «Альфанын»кызаткерлерикелгендеалар«биз«Альфанын»кызматкерлерибиз. АлмазбекАтамбаевдисуракка алып кетүүгөкелдик»депбирөөдаайтканжокда. Аларкурал-жаракмененкирипкелип, беткапчанэлеэлдисабайбашташкан. Кызматтыкмилдетбоюнча КанатСагымбаев кайтаруудагы объектини коргош керек болчу. Ал кызматын так аткарды.

Канат Сагымбаев 24-сентябрь, кечинде Аскер прокуратурасы тарабынан 48 саатка камакка алынган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) аны 20-сентябрда жумуштан бошоткон. УКМК Сагымбаев быйыл июль айында кайтаруудагы объект жок учурда жетекчиликтин кызматтык куралды, атайын техниканы тапшыруу боюнча көрсөтмөнү аткарбай койгону жана ички жобого карабастан жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен байланышка барганы үчүн иштен алынганын билдирген.

7-8-августта Кой-Таш айылындагы үйүндө мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы жүргөн. Анда мурдагы президенттин тарапташтары каршылык көрсөтүп, эл менен кагылышуунун натыйжасында УКМКнын «Альфа» атайын түзүмүнүн кызматкери полковник Үсөнбек Ниязбеков курман болгон. 

Источник: "Азаттык"