Садыр Жапаровго ырайым кылуунун кереги жок

25 сентября 2019
Версия для печати

Бул тууралуу анын адвокаты Шарабидин Токтосунов билдирди. 

Ал  жакында президент Сооронбай Жээнбеков менен  акыйкатчы жана  убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү жолугушканын, анда Садыр Жапаровдун маселеси тууралуу сөз болгонун билдирди. 

“Эгер алар комиссияга Жапаровго ырайым берүү суранычы менен кайрылган учурда да менин коргоомдогу адам макул болбойт”, - деди ал. 

Ошондой эле адвокат экс-депутаттын аракетинде кылмыштын курамы, жабырлануучу жоктугун белгиледи. 

“Аны эмнеге соттоп жиберишкенин түшүнбөйм. Биз ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу кайра кароо өтүнүчү менен сотко арыз жазуу үчүн бардык документтерди даярдадык. Бирок Садыр Жапаров соттун акыйкат чечим чыгараарына ишене албай турат. Ошондуктан биз азырынча арыз жазган жокпуз”, - деди Токтосунов. 

Эске салсак Садыр Жапаров 11,6 жылга эркинен ажыратылган. Ал 2013-жылы Каракол шаарындагы митинг уюштурууга айыпталган.

Источник: sayasat.kg