Адахан Мадумаровдун чек ара боюнча маалымат жыйыны журналисттер менен талаш-тартышта өтүүдө

Автор: Кызжибек Раимова
SUPER.KG SUPER.KG
18 сентября 2019
Версия для печати

Бүгүн, 18-сентябрда саясатчы Адахан Мадумаров Кыргыз-Тажик чек арасындагы абал боюнча маалымат жыйын берүүдө. Ага журналисттер тарабынан бир катар суроолор берилүүдө. Анын арасында кезинде сиз кызматта турганда, ошол аймак боюнча протоколго кол койгонсуз деген суроо айтылып, бул боюнча анын билдирүүсүн сурашты. Мадумаров өз кезинде журналисттер чийки суроону берип жатканын айтып, протокол ратификацияланбаганын белгиледи. Андан кийин, ага дайыма бийликтегилердин колунан иш келбейт деп сынап келесиз деп сындаган суроо да болду. Мадумаровду мындай суроолор ачуулантты.

Буга чейинки билдирүүсүндө, ал чек арадагы мындай абалды болтурбоо үчүн тиешелүү кызматтарга иш билги азаматтарды коюш керек деген эле. Ал татыктуу деп кимдерди көрө аласыз деген суроого: "Бул же тигил татыктуу деп ачык айта албайм. Антсем айрымдары таарынып калышы мүмкүн. Бирок кыргызда татыктуу эр азаматтар көп. Негизинен бийликке кошомат кылып жүргөн, сабатсыз кызматкерлерден арылуу керек", - деди ал.
 

Источник: super.kg