Алмазбек Атамбаевди туулган күнү менен "Арноо концерти" аркылуу куттуктоого уруксат берилген жок. Долбоордун режиссёру эмне дейт?

Автор: Бактыгуль Момбекова
SUPER.KG SUPER.KG
11 сентября 2019
Версия для печати

17-сентябрда Алмазбек Атамбаев 63 жашка чыгат. Буга байланыштуу экс-президенттин тарапташтары аны "Арноо концерти" аркылуу куттуктоону демилгелеп чыгышкан. Бирок "Арноо концерти" аркылуу Атамбаевди туулган күнү менен куттуктоосуна уруксат бербей коюшканын КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Темирлан Султанбеков айтып чыккан.

Бул боюнча КТРКнын "Арноо концертинин" режиссёру Гүлсина Чотоновага байланышканыбызда канааттандырарлык жооп берген жок.

"Бул боюнча эч кандай комментарий бере албайбыз" деген жообун узатты.
 

Источник: super.kg