Араванда өзбек тарап такталбаган жерди тосуп баштаган. Райондун акими абал жөнүндө айтты

Автор: Гульшат Ысамамат кызы
SUPER.KG SUPER.KG
11 сентября 2019
Версия для печати

Өзбекстандын аскерлери Ош облусуна караштуу Араван районундагы Керкиден суу сактагычынын тегерегиндеги аймакты тосуп алганы Кыргыз тараптын нааразычылыгын жараткан.

Бул маалыматты SUPER.KG порталына аталган райондун акими Курбанбек Айтибаев тастыктап, азыркы учурда абал тынч экендигин билдирди.

"Бул аймакта учурда абал тынч. Кыргыз өлкөсү менен Өзбек өлкөсү алмаштырган жерлер бар. Төө-Моюндагы жерди өзбек тарап тосо баштаган экен. Биз аларды токтотуп, ал жердин тургундарына түшүндүрүү иштерин жүргүздүк. Эртең дагы бул маселе каралып, тиешелүү маалымат берилет", - деди Курбанбек Айтибаев.
 

Источник: super.kg