ЖЭБ иши боюнча соттолгон "Электр станциялар" ишканасынын мурдагы башчысы Узак Кадырбаев эркиндикке чыкты

Автор: Адилет Керимбек уулу
SUPER.KG SUPER.KG
3 сентября 2019
Версия для печати
Обратите внимание на дату публикации.

Бишкектеги ЖЭБдеги авария боюнча соттолгон "Электр станциялар" ААКнын мурдагы башчысы Узак Кадырбаев эркиндикке чыкты. Бул тууралуу жактоочу Бактыбек Жумашев билдирди.

Узак Кадырбаев 2018-жылдын 3-апрелинде кылмышка шектелип кармалган. Ал "коммерциялык же башка уюмда ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча айыпталып, 4 жарым жылга эркиндигинен ажыраган. Ал күнөөсүн моюнуна алган эмес.

Жактоочунун айтымында, Узак Кадырбаев жаза мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу эркиндикке чыкты.

Окуянын чоо-жайы:

Былтыр, 26-январда Бишкек ЖЭБинде өндүрүштүк кырсык болуп, шаардагы үйлөргө берилген жылуулук 7 күнгө төмөндөгөн. Кытайдан алган 386 миллион доллар менен жаңыланган ЖЭБге карата сын-пикирлер күчөгөн. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөөнүн жүрүшүндө бир топ жооптуу кызматкерлер кармалган. Кийин КСДП бул боюнча билдирүү таратып, өндүрүштүк кырсык Бишкек ЖЭБинин жаңыланган бөлүгүндө эмес, эски бөлүгүнөн чыкканын белгилеген. Анда: "1961-жылы пайдаланууга берилген ЖЭБди реконструкциялоо шаарды кыйроодон аман алып калды. Мына ошол кыйроонун алдын алгандар бүгүн камакта отурушат", - деп жазылган.

Андан кийин Жогорку Кеңеш ЖЭБдеги аварияга байланыштуу өкмөттүн 2017-2018-жылдардагы күз-кыш мезгилдерге даярдыгын "жетишерлик эмес" деп таап, күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу боюнча токтомду караган.

Бишкек ЖЭБин жаңылоодо "коррупция" беренеси менен айыпталып жаткандар мурунку премьер-министрлер Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар Исаков, депутат Осмонбек Артыкбаев, Улуттук энергохолдингдин мурунку директору Айбек Калиев, "Электр станциялары" ишканасынын мурунку жетекчиси Салайдин Авазов, "Электр станциялары" ишканасынын башчысынын мурдагы орун басары Жолдошбек Назаров, Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоону башкаруу боюнча топтун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов жана мурдагы каржы министри Ольга Лаврова.
 

Источник: super.kg