Текебаев депутаттык мандаты тууралуу айтты

30 августа 2019
Версия для печати
Обратите внимание на дату публикации.

Бишкектин Биринчи май райондук соту «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы министр, Дүйшөнкул Чотоновдун ишин кайра карап чыкты.

Соттун чечими менен Текебаев менен Чотонов эркиндикке чыгышты.

Өмүрбек Текебаев мандатын кайтарып алуу планы жок экенин айтты. Журналисттерге берген маегинде азыр юридикалык, саясий жактан реабилитация болуу максатын билдирди.

«Акталгандан кийин мандат маселесин кеңешип көрөм. Ал мен үчүн маанилүү эмес. Түрмөдө болсом да партия өз ишин улантып турду. Мен камакта отурган 2 жыл 7 айда жүздөгөн адамдар чуркап, миңдеген адамдар ар кандай формада колдоо көрсөтүп жүрдү. Аларды таштап, четке чыга берүү – чыккынчылык. Биз саясий ишибизди партиялык негизде улантабыз» ,-деди Текебаев.

Источник: fakt.kg