Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов үй камагына чыкты

Автор: Жылдыз Джускембаева
SUPER.KG SUPER.KG
29 августа 2019
Версия для печати

Бүгүн, 29-августта Бишкектеги Биринчи Май райондук сотунда абактагы саясатчы Өмүрбек Текебаев менен мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновдун баш коргоо чарасы каралды. Бул тууралуу жактоочусу Канат Хасанов жазып чыкты.

Сот Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов үй камагына чыгаруу чечимин чыгарды.

1-августта Жогорку Сот Текебаев менен Чотоновго карата чыккан соттук чечимдер жокко чыгарылып, жазык иш жаңы соттук териштирүү үчүн Биринчи Май райондук сотуна жиберилсин деген чечим чыгарган.

Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов "коррупция" боюнча айыпталып, 8 жылга эркинен ажыратылган. Буга негиз болгон көрсөтмөнүн ээси Леонид Маевский Орусияда олуттуу кылмыш ишине шектелип камакка алынган.

3-майда Жогорку Сот Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун ишин жаңы жагдайлар боюнча кайра карап, үй-мүлктү конфискацияга алуудан тышкары өкүмдү өзгөртүүсүз калтырган.

Өмүрбек Текебаев 2017-жылы февраль айында Венада ЕККУнун парламенттер аралык ассамблеясынын жыйынына катышып, өлкөгө кайтып келгенде УКМК кызматкерлери тарабынан кармалган.

Источник: super.kg