Эки Мадумаровдун кимисине ишенебиз?

27 августа 2019
Версия для печати
Обратите внимание на дату публикации.

 “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын лидери Адахан Мадумаров аймактарда эл менен жолугушуусуна бийлик бут тосуп жатканын билдирди.

Мадумаровдун “Азаттыкка” берген маалыматы бут тосуулардан улам 22-23-август күндөрү белгиленген Баткен жана Исфана шаарларындагы жолугушууларын токтоткон.

«Мындай түркөйлүк, арамзалык эгемендүүлүк тарыхында болгон эмес. Ошондуктан эл жабыр тартпасын, ошол жерде бир нерсе уюштуруп, бирөөгө шылтап койбосун дедим», — дейт ал.

Ошондой эле Мадумаров элдин тынчтыгы үчүн кайтканын белгиледи. Ал Ноокат, Өзгөн, Аксы райондорунда жолугушуусу жакшы деңгээлде өткөнүн кошумчалады.

Мында Адахан Мадумаров менен Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам  Мадумаровдун ортосунда  чоң иш жаткандай. Болбосо башка райондордо жолугушуу жакшы денгээлде өтүп, Баткендин каалгасына келгенде киргизбей койгондугу таң калаарлык.

Ал эми, өкмөттүн Баткендеги өкүлчүлүгү Адахан Мадумаровдун жолугушууларына бийликтин эч кандай кийлигишүүсү болбогондугун билдирди. Анда, Акрам Мадумаров өзүн Адаханга каршы турдум деп өзүн пиар кылгысы келдиби же бийликке жагыныш үчүн жасап жаткан кадамыбы? Эки Мадумаровдун кимиси «пиаршик» экени билинбей, кимисине ишеништи билбей калат экенсиң.

Кошумчалай кетсек, бул жолугушууларда журналист Айданбек Акмат уулунун калемине таандык, “Жалгыз дос” деп аталган китептин бет ачары дагы болду. Ал китепте саясий ишмер Апсамат Масалиев менен Адахан Мадумаровдун мамилеси баяндалат.

Источник: fakt.kg