Коомдук ишмер Эмил Үмөталиев: "Азыркы бийликке топтолгондор жаңы эл өкүлдөрүн киргизбөөгө, узурпация кылганга шарт түзүп жатат". КҮНСОБОЛ

Автор: Жылдыз Джускембаева
SUPER.KG SUPER.KG
20 августа 2019
Версия для печати

Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын депутаттары коомчулук тарабынан көп сындалып келет. Парламенттик шайлоо 2020-жылы өтөрү күтүлүүдө. Акыркы учурда социалдык тармакта Жогорку Кеңештин кийинки чакырылышына кандай эл өкүлдөрү келиши керектиги тууралуу талкуулар күчөдү.

Мындан улам SUPER.KG порталы "Жогорку Кеңештин кийинки чакырылышында кимди депутат катары көргүңүз келет?" деген собол салды.

Коомдук ишмер Эмил Үмөталиев кеп азыр конкреттүү адамдарда эмес, кеп Жогорку Кеңештин кандайча топтолорунда болуп жатканын айтты. "Жогорку Кеңеште элдин өкүлдөрү болушу керек да. Бүгүнкү бийликтегилер Жогорку Кеңешке 9 пайыз босоголук чектен өткөндөрдү киргизүүгө мыйзам даярдашты. Азыркы бийликке топтолгондор жаңы эл өкүлдөрүн киргизбөөгө, узурпация кылганга шарт түзүп жатат. Бул коркунучтуу нерсе. Жогорку Кеңеш бийлик менен жуурулушуп, узурпацияга алып келет. Жаңы өкүлдөрүн бийликке аралашканга, бийликке шайлаганга жол берилбей калат", - дейт Эмил Үмөталиев.

Источник: super.kg