Жолдубаева: Кадыр Атамбаев расмий түрдө КСДПнын мүчөсү болду

20 августа 2019
Версия для печати

Мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадырбек Атамбаев КСДПнын катарына расмий түрдө кошулду. Бул тууралуу партиянын төрагасынын орун басары Кундуз Жолдубаева Govori.TVга билдирди.

Анын айтымында четтен чыккан түрдүү адамдар, ошол эле Сагынбек Абдрахманов башында тургандар партияны бөлүп-жаруу аракеттерин көрүшүүдө.

“Бирок, андай болбойт КСДПнын расмий мөөрү бизде, ошондой эле биздин катарга каалоосу бар жаштарды да чакырабыз”,-деген пикирин кошумчалады.

Эске салсак, Кадыр Атамбаев КСДПга мүчө болууга каалоосу бар экенин айтып, партиянын төрагалыгын убактылуу аткарып жаткан Асель Кодуранованга арыз менен кайрылган эле.

Видео

Бүгүн Бишкектин Биринчи май райондук соту мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин бөгөт чарасын узартуу боюнча тергөөнүн арызын карап, сот Атамбаевди 26-октябрга чейин камакта калтырды.

Источник: govori.tv