Кадыр Атамбаев Башкы прокуратуранын Атамбаев жана анын туугандарына таандык камакка алынган мүлктөрү боюнча билдирүү таратты

Автор: Мальвина Уметбекова
SUPER.KG SUPER.KG
19 августа 2019
Версия для печати

Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадыр Атамбаев Башкы прокуратуранын Атамбаев жана анын туугандарына таандык камакка алынган мүлктөрү боюнча социалдык тармактагы баракчасына билдирүү калтырды.

"Башкы прокуратура атамдын жана туугандарыбыздын камакка алынган мүлктөрү боюнча коомчулукту атайлап манипуляциялоодо. Атамбаевге таандык болуп жана камакка алынган 120 мүлк боюнча айткым келет, себеби анын көбү бизге жана туугандарыбызга таандык эмес. Мындай маалыматтарды ЖМКга чыгаруу менен бийлик каралоо менен алектенүүдө. Баса белгилеп кетчү жагдай, 120 мүлктүн ичинен 101 мүлк Атамбаев жана анын туугандарына эмес, 2007-жылдан бери биз ээлик кылбаган "КыргызАвтомаш" ААКсына таандык. Эң тантыктыгы, Башкы прокуратура бизге 1996-жылы заводдун кызматкерлерине сатылган батирлерди да бизге жазып койгондугунда болууда.

Мен Нариман Түлеевге таандык банкта биздин каражаттар бар экендиги тууралуу тизмеге таң калып бүтпөй жатам. Биздин эсеп 2002-жылга чейин "Кыргызстан" банкында да гана болгон, ал кезде банкты Шарипа Садыбакасова жетектечү. Башкы прокуратура болгон банктарды, жада калса Пакистандын улуттук банкы бар тизмени жарыялаган сыяктуудай.

Башкы прокуратура соттун чечими чыга электе эле алынган унааларды кошуп, алар1990-2000-жылдары чыккан деп тизмени жарыялоодон да тартынбаптыр. "Апрель" телеканалынын Жалал-Абадда эч кандай мүлкү, радио жана телеборбору жок экендигин баса белгилей алам. Мындан сырткары, кыргыз контентин өнүктүрүү менен алектенген, курамында көптөгөн телеканалдар бар телерадио-ишканалары ассоциациясына ээ эмеспиз. Калган мүлктөр, Кой-Таштагы үйдөн башкасы Алмазбек Шаршенович президент боло электе эле алынган. Тизмеде жада калса 1985-жылы каза болгон чоң атам салган үй да бар экен.

Атам өлкөнүн өнүгүшүнө өзүнүн каражаттарын да көп жумшаган. Президенттик фонддогу 50 миллион сомдон сырткары, Алмазбек Шаршеновичтин аракети менен өлкөгө 1 миллиард 200 миллион сом тартып келген, ал каражаттарга балдар аянтчалары, мектептерге компьютерлер, китептер чыгарылып, ар кандай эстеликтер тургузулган. Мамлекеттик резиденцияда экс-президент Алмазбек Атамбаевге турак жай берилиши керек болчу, бирок атам ал жакка өз каражатына үй салып мамлекеттин балансына өткөрүп берген.

Атам 1990-жылдын башынан бери ийгиликтүү бизнесмен, меценат экенин эске салгым келет. Өзүнүн байлыгын ал мамлекеттик кызматта иштеп жүрүп топтогон эмес, ал нерсенин баары бизнестин арты менен келген. Биз эч качан байлыгыбызды жашырып же каражаттарыбызды бекиткен эмеспиз", - дейт Кадыр Атамбаев.

Источник: super.kg