Раиса Атамбаева: Мен жолдошумдун жанында болом

16 августа 2019
Версия для печати
Обратите внимание на дату публикации.

Мурдагы президент Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаева чогулгандарга чыгып сөз сүйлөп, алардын үй-бүлөсүнө кысым болуп жатканын билдирди.

Ошондой эле, ал Атамбаевдин улуу баласы Сейитбек Атамбаев катуу сабаганын, мүлктөрү жана эсептери камакка алынганын айтууда.

Раиса айым, аларга таандык кыймылсыз мүлк жоктугун, эгер азыр үй-бүлөсү менен жашап жаткан Кой-Таштагы үйү камакка алынса, барып жашоого башка жери жок экенин айтты. Бир гана Кадыр Атамбаеге таандык батир болгон экен, бирок ал да ушул жазда сатып кеткен.

Мындан сырткары Раиса Атамбаев Кыргызстандан эч жакка кетпей турганын жана жолдошунун жанын болорун кошумчалады.

Айта кетсек, ушул сааттарда мурдагы прездент Алмазбек Атамбаевдин баш коргоо чарасы каралып жатат. Бирок анын үй-бүлөсү соттук отурумга киргизилген эмес. УКМКнын сыртында Атамбаевдин тарапташтары чогулуп турушат.

Источник: govori.tv