Next TV телеканалынын оператору ИИМге суракка чакыртылды

Автор: Амирбек Исмаилов
SUPER.KG SUPER.KG
15 августа 2019
Версия для печати
Обратите внимание на дату публикации.

Next TV телеканалынын оператору Улан Нурманбетов Ички иштер министрлигине суракка чакыртылды. Ал Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы боюнча чакырылганын SUPER.KG порталына билдирди.

"Кечээ, 14-августта милиция кызматкерлери Инстаграм баракчасы аркылуу жеке каттарды жазып, номеримди сураган. Алар мага 8-августтагы окуя боюнча сүйлөшө турган сөздөр бар экенин жазышкан. Бүгүн, 15-агустта жумушка суракка чакыруу кагазын таштап кетишиптир. Саат 14:00дө ИИМге барам. Айрым видеолорго тартылып калгам ошол үчүн чакырып жатышса керек", - деди ал.

Ички иштер министрлиги экс-президент Алмазбек Атамбаевдинтарапташтары "массалык башаламандык уюштуруу", "ээнбаштык", "адам өлтүрүү", "адам өмүрүнө кол салуу" жана "барымтага алуу" беренелери боюнча ачылган кылмыш ишине карата суракка чакыртылып жатканын маалымдаган.

10-августта КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Фарид Ниязов 8-октябрга чейин камакка алынды. Ал "барымтага алуу" жана "массалык башаламандыкты уюштуруу"беренеси боюнча айыпталууда. Мындан тышкары, Алга Кылычов жана Кыяз Смалиев 2 айга камакка алынды.

11-августта "Ачык саясат плюс" гезитинин башкы редактору Назгүл Мамытованы жана анын жолдошу Фархад Борукеевди УКМКнын кызматкерлери үйүнөн алып кетишкен.

12-августта КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Рита Борбукеева УКМКга сурак берип чыккан.

Источник: super.kg