Акыркы он жылда мигранттардан Кыргызстанга 19 миллард доллар которулду

Обратите внимание на дату публикации.

«Биздин мекендештерибиздин өлкөнүн өнүгүүсүнө кошо турган мүмкүнчүлүгү абдан жогору», — деди президент
Сооронбай Жээнбеков.
Бүгүн, 2-августта, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Чет өлкөдөгү мекендештер менен
байланыштар боюнча кеңештин биринчи жыйналышы болууда.
"Акыркы он жылда Кыргыз Республикасына эмгек мигранттары жана мекендештер тарабынан 19 млрд. АКШ
долларынан ашык каражат жөнөтүлгөн.
Салыштырып кетсем, ошол эле он жылдык мезгилде жалпы өлкөбүздүн экспортунун көлөмү 18 млрд. АКШ долларын
түзгөн.
Ал эми өлкөбүзгө келип түшкөн түз чет элдик инвестициялардын көлөмү болгону 8,3 млрд. АКШ долларын түздү.
Башкача айтканда, сыртта эмгектенип жүргөн мекендештерибиздин кошкон салымы биздин экспорт жана түз
инвестициялар тармагынан дагы жогору.
Ар бир мигранттын акчалай которуулары курулуш, финансы, тигүү өндүрүшү, транспорт, байланыш, соода жана
кызмат көрсөтүүлөр, айыл чарбасы ж. б. тармактардын өнүгүшүнө түрткү болууда.
Сыртта жүргөн мекендештерибизден жана эмгек мигранттарынан келген каражат жумуш орундарын түзүп,
жакырчылыкты төмөндөтүүгө жардам берди.
Алардын балдарынын билим алуусуна, үй-бүлө мүчөлөрүнүн башка муктаждыктарына жумшалууда.
Акыркы убакта мекендештерибиз аймактардын өнүгүүсүнө инвестиция салууда.
Кичи мекениндеги социалдык жана экномикалык долбоорлорду ишке ашырууга активдүү катышып баштады.
Мектеп, бала бакча, көпүрөлөрдүн курулушуна көмөктөшүп, колунда жок адамдарга, жалгыз бой энелерге, жетим
балдарга жардам берүүдө.
Бул тажрыйба мындан ары да уланып, киндик кан тамган кичи мекениңерге жардам көрсөтө бересиңер деп
ишенебиз.
Бул тажрыйба региондорду өнүктүрүү боюнча иш-милдеттерди аткарууга чоң колдоо- көмөк болууда", - деди
мамлекет башчы.

Источник: SAYASAT.kg