Адвокат Атамбаевдин үйүнө ИИМ министринин орун басары барганы боюнча: "Эгер күч колдоно турган болсо өз укугубузду коргоого даярбыз"

Обратите внимание на дату публикации.

"Алмазбек Атамбаевдин үйүнө ИИМ министринин орун басары барганы дагы бир ирет мыйзам бузулганы" деп бүгүн, 22-июлда SUPER.KG порталына экс-президенттин жактоочусу Сергей Слесарёв билдирди.

"Мен башынан эле ИИМ кандайдыр бир аракеттерди жүргүзүүгө эч кандай укугу жок экенин билдиргем. Бүгүн ИИМ министринин орун басары суракка алуу үчүн барганы да мыйзамсыз. Кимдир бирөө канча кааласа да Атамбаевди кол тийбестиктен ажырата албайт. Себеби мыйзамда ушундай жазылып калган.

Мен буга чейин 3 суракка чакыруу боюнча үч кат жолдогом. Анын ичинде ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгынын башчысы, ИИМ министрине да жазылган каттар бар. Бирок бүгүнкү күнгө чейин эч кандай жооп келген жок. Жолдогон каттарда эмне себептен алардын аракеттери мыйзамсыз экенин юридикалык тил менен түшүндүрүп бергем. Алар тараптан бул аракеттер тиешелүү токтомдун негизинде аткарылып жатканын гана билдиришкен.

Эгер күч колдоно турган болсо, өз укугубузду коргоп, тиешелүү мекемелерге кайрылууга даярбыз. Биздин негизги максатыбыз - бардык иштер мыйзамдуу талаада жүрүшүн боюнча талап", - деди Слесарёв.
http://www.super.kg/kabar/news/277249/

Источник: super.kg