Алар Салянова медициналык жардамга муктаж, аны тезинен кардиологияга жаткызуу керек деп жатышат.
Мурунку баш прокурордун туугандары жана тарапкерлери анын баш коргоо чарасын өзгөртүүнү өтүнүп президентке петиция даярдап, ага жети миң адам кол койду.
Абактагы шарты
Аида Салянова быйыл 3-июнда камакка алынып, 15-июнда ооруканага которулуп, эки аптадан кийин кайра абакка кайтарылган.
Материалы на тему
- — Зарылбека Рысалиева выпишут из больницы домой
- — Салянова подвергается пыткам…
- — Начали сбегать по одному…
- — Центр по предупреждению пыток осведомился о состоянии Саляновой
Метки
Ал дарылануусунун аягына чыкпай калганы айтылып жатат.
"Саляновага эки кызматкерим кирип чыкты. Азыр күн ысык болуп атпайбы, камера ичинде вентилятору бар экен. Тергөө изоляторунун медициналык бөлүмү убагында кирип кан басымын өлчөп атыптыр. Биз барганга чейин ЖАМКтын өзүнүн врачтары кириптир. Алар ооруканага жаткыруунун кажети жок деп айтышыптыр. Бирок биз ага карабай кайра кат жолдодук",- деди Кыйноонун алдын алуу боюнча улуттук борборунун жетекчиси Нурдин Сулайманов Би-Би-Сиге.
Анын айтымында, мурунку баш прокурор ага карата физикалык ыдык же моралдык басым көрсөтүлүп жаткандыгы тууралуу арызданган эмес.
"Кыйноого тете"
Салянова өзү жана туугандары ага жүрөк илдетинен тышкары пневмония деген диагноз коюлганын айтып жатышат. Мындай абалда аны тергөө абагында калтырып коюу "кыйноого тете", дейт "Ата Мекен" партиясы.
"ЖАМКтын ага карата кыйноолор жок эле дегени аны кычкач менен кыйнап же башына пакет кийгизбей эле турабыз дегени. Бирок адам ооруп, медициналык жардам албай жатса, ал дагы кыйноого кирет. Салянова бүгүн кыйноого тушугуп жатат. Жүрөгү ооруйт, эки клапаны мурунтан эле маселе жаратчу, азыр эми үчүнчү клапаны жаман акыбалда. Ага медициналык консилиум операция жасаш керек деген бүтүмүн чыгарган болчу, жөтөлүп да атат", - деген пикирин билдирди Би-Би-Сиге партия өкүлү Асия Сасыкбаева.
Ал буга чейин ЖАМК жетекчиси Мелис Турганбаевге жеке кайрылып, Салянованын абалын өз көзү менен көрүп чыгууну суранган.
Жаза аткаруу кызматынан Би-Би-Сиге тергөө абагындагы Аида Салянованын абалы дурус экенин, Кардиология институтунун врачтары ага жазып берген дарыларын өз убагында алып жатканын билдиришти.
Мурдагы башкы прокурор, экс-парламент депутаты Аида Салянова кримтөбөл Азиз Батукаевдин 2013-жылы мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошоп чыгып, Орусияга кетишине байланыштуу камакка алынган.
Батукаевдин иши боюнча Салянова мурунку баш прокурор кезинде жең ичинен бүтүмгө келип (сговор), паракорчулукка барган деп айыпталууда. Бирок анын жактоочусу тергөө анын кимдер менен тымызын сүйлөшкөнүн тактай албай жатканын айтып, айыптоолор негизсиз деп жатат.
Салянованын экс-президентке каршы көрсөтмө алыш үчүн камалганын да айткандар болгон.
"Салянованы камоо мыйзамсыз"
Абактагы Өмүрбек Текебаев Баш мыйзамда баш прокурорго иммунитет каралган деп, Салянованы камакка алууда ал жагдай эске алынбай калганын айтып чыккан:
"Аида Салянова баш прокурор болуп турган кездеги иши үчүн айыпталып жатат. Демек, Конституциялык палатанын, Жогорку соттун чечимдерине ылайык, аны кылмыш жообуна тартыш үчүн Жогорку Кеңештин макулдугу сөзсүз алынышы керек. Ансыз Аида Саляновага жасалган аракеттердин баары мыйзамсыз", -деген өткөн айда "Ата Мекен" лидери .
Ошентип, учурда эки салмактуу саясатчысы абакта кала берип, "Ата Мекен" соңку кезде оппозициялык риторикага өтүүдө.
Жогорку Сот 16-июлда Өмүрбек Текебаевдин ишин жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу кайра карайт. "Ата Мекендин" мындан аркы позициясы партия лидерине карата чыккан чечимге жараша болору айтылып атат.
Бир күндүк операция
Ал арада бүгүн Батукаевдин иши боюнча УКМКнын мурдагы төрагасы Бусурманкул Таабалдиевге да издөө жарыяланды.
Бул иш боюнча шектүү катары Саляновадан тышкары мурдагы саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын жетекчисинин мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев, мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атаханов, депутат жана алты медицина кызматкери кармалган.
Эки дарыгер, Сагынбаева жана Атаханов кайрадан үй камагына чыгарылган. ЖАМКтын ошол кездеги башчысы, азыркы Жогорку Кеңеш депутаты Зарылбек Рысалиев да сурак берип, бирок тергөө маалында өзүн начар сезип, ошондон бери ооруканада.
Бул иште фигурант катары өтүп жаткандардан учурда Аида Салянова жана медкызматкер Ирина Цопова тергөө абагында кала берүүдө.