Кулматов менен Ибраимовдун иши: Мамлекеттик айыптоочулар күбөлөргө кысым көрсөтүүдө, - жактоочу

Баракелде Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда бүгүн, 5-июлда борбордун мурунку мэрлери Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун иши боюнча сот отуруму улантылып жатат.

Мамлекеттик айыптоочулар күбөлөрдү «Дастан» ААК эпизоду боюнча сурашты. Ал учурда ААКтын башкаруучуларынын төрагасы А.Ибраимов болчу.

«Дастан" ААК менен "Дастан Инжиниринг" ЖЧКнын ортосундагы биринчи келишим Индияга буюмдарды жеткирүү боюнча 2011-жылы түзүлгөн. Эмне үчүн аталган келишим улантылбай, кымбат баада жаңысы түзүлгөн? Бул маселелерди төрага Ибраимов чечти беле? Чечимди ал кабыл алды беле?», - деп сурады күбөдөн мамлекеттик айыптоочу.

Жактоочу Сергей Слесарев нааразычылык билдирди.

«Мамлекттик айыптоочулар көрсөтмөнү окуп, андан кийин ушундай болуп же болбогонун сурап жатышат. Алар эмне үчүн күбөлөргө кысым көрсөтүп жатат? Мен каршымын жана эскертүү берүүнү суранам», - деди жактоочу.

Судья Кубанычбек Касымбеков өтүнүчтү кабыл алган жок.

Мурунку мэрлер жана башка айыпталуучулар Калыс-Ордо конушундагы мектептин курулушу, «Дастан» ААК каражатынын сарпталышы жана муниципалдык жерлерди берүүдөгү коррупцияга байланыштуу айыпталып жатышат.

Источник: Баракелде