Атамбаев: азыркы парламент тарап, өкмөт кетиши керек (видео)

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Бишкектеги «Медиа Форум» имаратынын алдында өтүп жаткан тынч митингде сөз сүйлөп жатып, азыркы парламент тарашы керек деген пикирин айтты. Ошондой эле Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган өкмөт иштебей жатканын белгиледи:

- Абылгазиев менен Сооронбайдын колунун эч нерсе келбейт. Жаш жигиттерди алып барса ошондо өлкөөнүгөт. Менанын (СооронбайЖээнбековред.) өзүнөделеайткам, «телефондужакшыколдонгондубилбейбиз, жаштаркелишикерек»дегем. Анан«санариптештирүү»депдүйнөгөуятболупжатабыз. МатраимовмененЖээнбековдункланыөлкөнүбашкарыпжатат. Парламенткежаш, жаңылидерлеркелишкерек.

Видео

Атамбаев мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековго кайрылып, «от менен ойнобо, бир нерсе болсо жоопкерчилик президентте болот» деди. Ал элдик өкмөт шайланышы керек экенин айтып, «күнөөсү жок балдарды камоону токтотууну, тегерегин тазалоону» сунуш кылды.

«Соке болбой калды» аттуу тынч митингге Алмазбек Атамбаев, Жогорку Кеңештин депутаттары Ирина Карамушкина, Анвар Артыков, Карамат Орозова, президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязов, КСДПнын азыркы төрайымы Асел Кодуранова, ЖКнын мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков өңдүү саясатчылар келди.

27-июнда Жогорку Кеңеш Атамбаевдин «экс-президент» макамын алып, кол тийбестиктен ажыраткан. Бул чечим укук коргоо органдарына аны кылмыш жообуна тартууга мүмкүнчүлүк берет.

Мурдагы президенттин ондогон тарапкерлери 22-июндан бери Кой-Таш айылындагы анын үйүндө топтолуп, тилектештик билдирип турушат.

Источник: "Азаттык"