Кечээ, 29-июнда экс-генпрокурор Аида Салянованы ооруканада текшерилип, дарылануудан кийин кайрадан абакка которулду. Бул тууралу КР ЖАМКнын басма сөз кызматы тастыктады.
Аида Салянова Бишкектеги М.Миррахимов атындагы кардиология жана терапия улуттук борборунда дарыланып жаткан. Кечээ ал Бишкектеги N1-СИЗОго жеткирилди.
21-июнда Бишкектин Биринчи май райондук соту Аида Салянованы тергөөнүн өтүнүчү менен 26-августка чейин Бишкектеги N1-СИЗОго 2 айга абакка калтырган.
Аида Салянова генпрокурор болуп турган кезинде, 2013-жылы апрелде, адам өлтүрүүнү уюштуруу беренеси менен 16 жылга кесилип кеткен кримтөбөл Азиз Батукаевди түрмөдөн 8 жыл эрте, мыйзамсыз бошотуп жиберүү кылмышына катышкан деп айыпталууда.