"Мыйзамдагы ууру" Азиз Батукаевдин ишин иликтөөнүн алкагында камакка алынган дарыгер Эмил Макимбетов үй камагына чыгарылды. Бул маалыматты Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы тастыктады.
"Кечээ, 25-июнда Биринчи май райондук соту Эмил Макимбетовдун баш коргоо чарасын өзгөртүп, аны үй камагына чыгарды. Эмне себептен мындай чечим кабыл алынганы тууралуу толук маалыматыбыз жок", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Буга чейин Макимбетовдун кан басымы көтөрүлүп, дарылануу үчүн СИЗО-1ден №47 абакка которулган.
Окуянын чоо-жайы:
16-майда Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча мурдагы саламаттыкты сактоо министри Динара Сагинбаева менен Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев СИЗО-1ге киргизилген. Ага чейин Батукаевдин иши боюнча дарыгер Эмил Макимбетов жана лаборант Ирина Цопова камакка алынган. Андан кийин дагы 3 дарыгердин бул иш боюнча баш коргоо чарасы каралып, тергөө абагына киргизилген. 21-майда мурдагы вице-премьер-министр Шамиль Атаханов да кармалып, 26-июнга чейин камакка алынган. Ошол кездеги башкы прокурор Аида Салянова 4-июнда кармалып, 26-августка чейин камакка алынган.