Коомчулук кызыккан Конгантиевдин иши

Автор: Элеонора Сагындык кызы, корреспондент Би-Би-Си в Бишкеке
BBC. Кыргыз кызматы BBC. Кыргыз кызматы
Обратите внимание на дату публикации.

Мурдагы Ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин кайра жандандырылган иши боюнча сот отуруму 21-июнга жылдырылды. Бишкектин Биринчи май райондук сотунда бүгүн айыпталуучуга акыркы сөз берилмек.

2010-жылдагы апрель окуяларындагы аракеттерине байланыштуу Конгантиевге козголгон кылмыш иши кыскарып кеткени былтыр ачыкка чыккан.

Президенттик шайлоодо Конгантиев Жээнбеков үчүн сүрөөнчүлүк кылган. Мындан улам генералдын ишинин кыскарышы бир топ талаш-талкуларга кабылган.

Жээнбеков Баш прокуратурага Конгантиев тууралуу УКМК чечимине укуктук баа берүүнү тапшырып, иш кайрадан жанданган.

Алты жыл, 100 миң сом

Баш прокуратура кайра жандарырылган иш боюнча Молдомуса Конгантиевди алты жылга эркинен ажыратууну жана ага 100 миң сом өлчөмүндө айып пул салууну сурап жатат.

"Эми көрөбүз ага карата кандай чечим чыгат. Ал акталат деген ойдомун, себеби иште ага карата эчтеке жок. Бирок айыптоо өкүмү чыгып калса, бул айыбы жок кишини жоопкерчиликке тарткан сот жана Баш прокуратуранын күнөөсү болуп калат", - деди айыпталуучунун жактоочусу Икрадимин Айткулов Би-Би-Сиге.

Учурда Молдомуса Конгантиевге байланыштуу сотто эки эпизод боюнча иш каралып жатат. Биринчиси - 2005-жылдын 24-мартында Улуттук банктын Жалал-Абаддагы филиалынын ошол кездеги жетекчиси Мелис Батырбековдун сабалышына байланыштуу иш болуп жатат.

Ал эми экинчиси - 2010-жылдын апрель окуясынан кийин козголгон кылмыш иши.

УКМКнын чечими

Молдомуса Конгантиевге 2010-жылы "кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чабуу", "шалаакылык" беренелери менен кылмыш иши козголгон. Анын адвокаты Икрамидин Айткулов Конгантиевдин аракетинде "кылмыштын курамы болгон эмес" деген негиз менен ишти кыскартуу тууралуу УКМКга кайрылган.

Атайын кызматтын Башкы тергөө башкармалыгы адвокаттын өтүнүчүн канааттандырып, "2010-жылы кандуу апрель окуяларына Конгантиевдин тиешеси болгон эмес" деп расмий билдирген.

Апрель окуяларынан кийин Баш прокурор кызматын аркалаган Азимбек Бекназаров атайын кызматтын Конгантиев тууралуу чечимин алгачкылардан болуп сындап чыккан. "7-апрель боюнча штабдын бардык мүчөлөрүнө иш козголуп, күнөөлү деп табылышкан. Конгантиевдин иши жалпы иштен бөлүнүп калгандыгынын себеби, ал эс-учун жоготуп койгон. Биз гумандуулук принциби менен анын ишин бөлүп, дарыланууга жөнөттүк. Анын үстүнөн тергөө иштери жүргөн эмес. А бирок көп маселелер бар да. Чыпалак-кулактар, депутатардын жоголушу, өлүшү, журналисттердин атылышы. Бакыйган күч органы - ИИМ эмне үчүн ал иштер боюнча жооп бербейт?",-деген эле Бекназаров былтыр 10-июлда өткөн басма сөз жыйыныныда.

Конгантиев ким?

Молдомуса Конгантиев 2008-2010-жылдары Ички иштер министрлигин жетектеп, анын тушунда Кыргызстанда оппозиция өкүлдөрүн, укук коргоочуларды, көз карандысыз журналисттерди куугунтуктоо, кол салуу фактылары көп катталып, аларды тергөө иштери создукканы эсте.

Журналист Сыргак Абдылдаев бычакталып, Геннадий Павлюк Алматыда киши колдуу болгон. Президенттик администрациянын мурдагы башчысы Медет Садыркулов кызыктуу жагдайларда каза тапкан.

Мындай резонанстуу кол салуулардын артында кимдер турганы ачыкка чыкпай, бул тууралуу маселе көтөргөн укук коргоочулар куугунтуктакка кабылган. Дал ушул окуялардан улам Молдомуса Конгантиевдин отставкага кетирүү талаптары да жаңырган.

Апрельден кийин абакка отургандар

Апрель окуяларына байланыштуу жалпысынан 28 адамга айып тагылган.

Атайын кызматтын мурдагы төрагасы Мурат Суталинов 20 жылга, Мамлекеттик күзөт кызматынын башчысынын орун басары Нурлан Темирбаев 22 жылга, дагы бир орун басары Данияр Дунганов 25 жылга эркинен ажыратылган.

Суталинов быйыл май айында оорусуна байланыштуу шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошотулду.

Ошондой эле сот чечиминин негизинде мурдагы башкы прокурор Нурлан Турсункулов, президенттик администрациясынын жетекчиси Каныбек Жороев жана президенттин кеңешчиси Элмурза Сатыбалдиев эки жылга жакын абакта отуруп, 2016-жылдын башында мөөнөтүнөн мурун эркиндикке чыккан эле.

Источник: Кыргызская служба Би-Би-Си