Карамушкина: Мен өмүрүмдө депутаттардан өткөн коркок эркектерди көрө элекмин

Обратите внимание на дату публикации.

Жогорку Кеңештин жыйынында көпчүлүк депутаттар экс-президент Атамбаевдин 8-июндагы митингдеги билдирүүсүн сынга алышты. Ал эми Ирина Карамушкина Атамбаевди коргоого камынды. 

“Парламенттеги бүгүнкү оппозиция алсыз, коркок. Мен бүгүн өзүм жалгыз бардык эркектерге каршы чыгам. Парламенттеги 20 жылда мен дайыма акыйкаттуулук үчүн күрөшүп келдим. Депутаттардан өткөн коркок эркектерди көрө элекмин. Бүгүн нелерди гана айтпадыңар: жол, узурпация жана башка. Асылбек Жээнбеков спикер убагында, Сооронбай Жээнбеков өкмөт башчы убагында эч ким трибунадан эч нерсе айта албаган. А бүгүн Атамбаевге каршы кеп айтуу модага айланды. Бүгүн баарыңар күчтүү болуп, базардан хайп токтоп келип, бул жактан чыгарып атасыңар”, -деди Карамушкина.

Источник: sayasat.kg