Экс-башкы прокурор Аида Салянова кармалды. ИИМ маалыматты четке какты

Автор: Гульжан Асанкожоева
SUPER.KG SUPER.KG
Обратите внимание на дату публикации.

Мурдагы Башкы прокурор Аида Саляновакримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча кайрадан каралып жаткан иштин негизинде кармалды. Мындай маалыматты юрист Искендер Афиджанов социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.

"Мен учурда ИИМдин имаратынын жанында турам. Азыр Аида Салянова Батукаевдин иши боюнча кармалды", - деп билдирди ал.

Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматына кайрылганыбызда "маалымат так эмес, азырынча белгисиз" деген жоопту айтышты.

Аида Салянованын жанында болгондор бүгүн түшкү саат 15:00дөн бери Салянова суракка алынып, ошондон бери чыга электигин айтышты.

Мындан 6 жыл мурун Нарын шаардык соту Батукаевди "айыккыс дартка чалдыкты" деген жүйө менен бошотуп, ал ошол эле күнү өлкөдөн чыгып кеткен болчу.
16-майда Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча мурдагы саламаттыкты сактоо министри Динара Сагинбаева менен Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев СИЗО-1ге киргизилген. Ага чейин Батукаевдин иши боюнча дарыгер Эмил Макимбетов жана лаборант Ирина Цопова камакка алынган.Андан кийин дагы 3 дарыгердин бул иш боюнча баш коргоо чарасы каралып, тергөө абагына киргизилген. 21-майда мурдагы вице-премьер министр Шамиль Атаханов да кармалып, 26-июнга чейин камакка алынган.

 

 

Источник: super.kg