Аскер прокуратурасы Атамбаевди тыңшоо боюнча сотко чейинки териштирүүнү баштады

Обратите внимание на дату публикации.

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин иш бөлмөсүнө тыңщоочу аппарат коюлганы кабарланган. Ал кылмыштардын жана жоруктардын Бирдиктүү реестринде каттоого алынды.  

Башкы прокуратурадан билдиришкендей, каттоого "Жеке жашоонун купуялуулугун бузуу", "Сүйлөшүүлөрдүн купуялуулугун бузуу", "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелери боюнча алынган.  

Болуп өткөн окуянун чындыгына жетүү үчүн сотко чейинки териштирүү башталды. Мурдагы президенттин расмий билдирүүсү Башкы прокуратурага 27-майда келип түшкөн. Анын билдирүүсү дыкат иликтенет. Жыйынтыгында, юридикалык баа берилет. 

Источник: sayasat.kg