Кодуранова: Атамбаев Путинге Батукаевди өткөрүп берүү өтүнүчү менен бир нече жолу кайрылган

Алмазбек Атамбаев президент болуп турган учурда, Орусия президенти Владимир Путинге бир топ жолу кримтөбөл Азиз Батукаевди өткөрүп берүү өтүнүчү менен кайрылган. Бул тууралуу «2Х1» берүүсүнүн эфиринде КСДПнын төрагасынын милдетин аткаруучу Асель Кодуранова билдирген.


«Биз Алмазбек Шаршенович менен бул тема тууралуу сүйлөшкөнбүз. Өлүм алдында турган Батукаев, боштондукка чыкканда жакшы абалда болчу. Ошол себептүү Алмаз Шаршенович Орусия президенти Владимир Путинге кайрылып, өткөрүп берүүсүн өтүнгөн. Бир эле кат эмес, жеке жолугушууда да айткан"-,деп билдирди Кодуранова.


Ал Атамбаевдин Батукаевдин түрмөдөн чыгуусуна тиешеси жок экенин белгилеген.

Источник: kabarlar.org