Өкмөт үйүн өз үйүндөй көрүшпөсө…

Мамлекеттик жогорку кызмат адамдары – булар өлкөнүн жүзү. Аларга карап коомчулук түздөнөт эмеспи. Андыктан бийик даражадагы кызматка барган адам ар бир кадамын акыл калчап таштоосу керек. Карап көрсөк, дүйнө жүзүндөгү демократиялык жолду тандаган өлкөлөрдө катардагы мамлекеттик кызматкерлерден тартып, жогорку чиндеги жетекчилерге чейин бийлик ээси элине берилүү менен кызмат кылууну максат кылышканын көрө алабыз. Эгер милдетин так аткара албай калышса же кызматында турган кезинде түздөн-түз гана эмес, четте туруп да чекиликке жол беришкени айкын болсо элинен кечирим сурап, дароо өз ыктыяры менен ордун бошотуп кетишет жана ал катачылыгы кылмыш жообун тартууга туура келсе моюндашат.

Ал эми мамлекеттик башкарууда элдик бийлик жолун тандаган Кыргызстанда абал көңүл жылытарлык деп айтууга болбойт. Алыс кетпей, бүгүнкү кыргыз өкмөтүндө болуп жаткан “КТ Мобайлдын” айланасындагы окуяларды мисалга алсак болот. Коомчулук Өкмөттүн отставкасын талап кылууда. Анткени, бул иште өкмөт башчы М. Абылгазиевдин бажасы жана анын уулунун ысымдары гана аталбастан, ал өзү да долбоордун жүзөгө ашуусун кубаттап чыкканын мойнуна алды. Демек, бүгүнкү күндө “КТ Мобайлга” байланышкан иш боюнча өкмөткө караштуу мекеме жетекчилери үзүлгөн шуруга окшоп катары менен кызматтарынан бошотулбастан биринчи кезекте премьер-министрдин бети кызарышы керек эле. Күнөөнү ар кимге оодарып, өзүн аппак кардай таза көрсөтүүгө далалат жасабай жигитче отставкага кетерин жарыялаш керек болчу.

Өкүнүчтүүсү, кыргыздарда мамкызматкерлер Өкмөт үйүн өз үйүндөй, атасынын төрүндөй элестетишет жана анын кесепети экономикабызга терс таасирин тийгизүүдө. Дегеним, өкмөт өлкөнүн чарба иштерин аткаргандыктан ал жерде дыйкан чарбадагыдай план ишке ашпаса же уюмда кемчилик болсо уюмдун башчысы кызматын тапшырып, иштин көзүн билген сугатчы, комбайнчы, агроном же тракторист өңдүү адистер өз ордуларында калышы керек. Болбосо, агроному же комбайнчысы жок дыйкан чарбада өнүгүү болчу беле?..

Источник: tribuna.online