"Супер-Инфонун" негиздөөчүсү Кылычбек СУЛТАН: "Абылгазиев кетсин!!!"

Автор: Эльвира Караева
SUPER.KG SUPER.KG
Обратите внимание на дату публикации.

"Супер-Инфо" гезитинин негиздөөчүсү Кылычбек Султан өзүнүн баракчасында "Супер-Инфого"болгон негизсиз асылууларга карата пикирин жарыялады. 

"Абылгазиев кетсин!!! Финпол аркылуу, Кыргызпочтасы аркылуу "Супер-Инфону"муунтуу аракети бүгүн 4-жолу ишке ашкан жок. Юрист Таалайгүл Токтакунова жана райондук, шаардык соттор "Супер-Инфого" коюлган дооматтардын суу кечпестигин 2 айда 4 ирет далилдешти... 

Балким, Абылгазиев эмес "серый кардинал" бул аракеттердин артында тураттыр... Финпол менен Кыргызпочтасынын жетекчилик курамында Бажалардын "гений" туугандары отурган жок беле, билсеңер жазып койгулачы?" - деп жазат Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы жана Кореядагы мурдагы элчиси Кылычбек Султан.

Ошондой эле Кылычбек Султан "Супер-Инфого" болгон чабуул учурунда саясий партиялардан "Бүтүн Кыргызстан" гана гезитти ачык колдоп чыкканын, КСДП жана "Ата-Мекендин" карапайым кээ бир мүчөлөрү колдоп, ал эми аталган партиялардын жетекчиликтери "страус" позасын кабыл алышканын кошумчалап, жарандык коомдон Равшан ЖээнбековАдил ТурдукуловРита КарасартоваМирбек Айтикеев жана башкалардын колдоолорун да баса белгилеген.


 

 

Источник: super.kg