Өкмөт: Абылгазиевди жаманатты кылуу аракеттери жүрүп жатат

КР Өкмөт премьер-министр Абылгазиевди атайын жаманатты кылып, кызматтан алуу боюнча аракеттер көрүлүп жатканын билдирди. Басма сөз кызматынын маалыматына караганда, өкмөт башчы азыркы жөнөкөй эмес абалда тууган-уругун кызматка алып келбеген. Ошондуктан, ал тууралуу айтылып жаткандардын баары чындыкка коошпойт.  

Өкмөт ар дайым сын-пикирге кабылаарын билдирген басма сөз кызматы, атаандаштардын учурдагы тактикасы фейктер аркылуу притимивдүү дискредитация экенин белгиледи.  

"Биз биринчи уюлдук операторду ишке киргизүүнүн айланасындагы кырдаалдын  реалдуулукта эч кандай жаман жагы жок, жайылып жаткан маалыматтар калп кампаниясынын кылганы", - дейт басма сөз.  

Ошондой эле эгер депутаттар өкмөт башчыны жыйынга чакырууну туура деп табышса, ал барып, суроолорго жооп берүүгө даяр экенин белгилешкен. 

Источник: sayasat.kg