Мурдагы Саламаттыкты сактоо министри Динара Сагинбаева камакка алынды

Автор: Гульжан Асанкожоева
SUPER.KG SUPER.KG

Мурдагы Саламаттыкты сактоо министри, учурдагы Улуттук госпиталдын башкы дарыгери Динара Сагинбаева камакка алынды. Маалыматты SUPER.KG'ге өздүк булактар билдирди. Сагинбаева кечээ ИИМдин Тергөө кызматында 4 сааттан ашык убакыт бою Азиз Батукаевдин абактан бошотулушу боюнча сурак беген. Бул боюнча ИИМ расмий комментарий бере элек. Ал эми Улуттук госпиталга байланышканыбызда, расмий маалымат келип түшө элегине байланыштуу комментарий бере албайбыз дешти.

Буга чейин Батукаевдин иши боюнча дарыгер Эмил Макимбетов жана лаборант Ирина Цопова камакка алынган. Андан кийин дагы 3 дарыгердин бул иш боюнча баш коргоо чарасы каралып, тергөө абагына киргизилген.

2013-жылдын 9-апрелинде Нарын шаардык соту Батукаевди "айыккыс дартка чалдыкты" деген жүйө менен бошотуп, ал ошол эле күнү өлкөдөн чыгып кеткен. 17-апрелде башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Жогорку Кеңеште отчёт берип жатып, "мыйзамдагы уурунун" иши январдан баштап кайра каралып жатканын билдирген. Маалыматта белгилүү болгондой, Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча ишти Башкы прокуратура кайра карап, андан ары улантуу үчүн ИИМдин Тергөө кызматына өткөрүп берген. 
 

 

 

Источник: super.kg