Кыргызстанда “ОРДО” саясий партиясы түзүлдү

Обратите внимание на дату публикации.

“Күчтүү Кыргыз Мамлекетин жана бирдиктүү руханий элди калыптандыруу максатында биз бүгүн “ОРДО” саясий партиясын түздүк”. Мындай пикири менен аталган саясий партия өзүнүн фейсбук баракчасына бөлүштү.

“Кыргыз Республикасына жаңы, улуттук ой жүгүрткөн жана социалдык жоопкерчиликтүү саясий элита керек. Алар мамлекеттүүлүккө багытталып ой жүгүрткөн инсандар.

Бүгүнкү учурда кээ бир саясатчыларда убада берип аны аткарбай коюу мүнөз калыптанды. Хан сарайлык жашоонун балуулуктарына кызыгып, куйтулук, кошоматтыкты үйрөнүштү.

Көчмөн Кыргыз элинин Манас атанын учурунан бээри келе жаткан – элге кызмат кылуу, абийир, ар-намыс, чынчылдык, жана аруулук мүнөздөрдү камтыган моралдык-этикалык баалулуктарыбыз жоголууда”,- деп жазылган билдирүүдө.

Источник: govori.tv