Роза Отунбаева менен Феликс Куловду камаш керек

 «Ата Мекен» партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов 2017-жылы орусиялык жаран Леонид Маевскийдин «1 миллион доллар пара алган» деген көрсөтмөсүнүн негизинде «Коррупция» беренеси менен айыпталып, сегиз жылга соттолгон.

Бүгүн, 3-майда Жогорку соттун соттук коллегия мурда чыгарылган чечимдерди күчүндө калтырды. Башынан баштап соттук териштирүүдө экс-президент Роза Отунбаева баш болуп,экс- премьер-министр Феликс Кулов төш болгон, кыргыз элине башы көрүнгөн саясатчылар күбө катары суралышкан. Бирок, соттор баш көрүнгөн коомдук ишмерлерге ишенбей азыркы убакта алдамчылык менен камакта жаткан чет өлкөлүк жаранга ишенип чечим чыгарышканы өкүндүрөт же соттордун шермендечилиги десек деле болчудай. Сотто күбө болгон коомдук ишмерлер, саясатчылардын кадыр баркы, күбө катары далил менен айтып берген сөздөрү бир алдамчынын сөзүнө тең келбегени өкүндүрөт. Же сиздер калп айтып көрсөтмө бердиңер беле? Силердин айтканыңар чындык болсо, анда Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов акталат эле да. Соттор Маевскийге ишенип чечим чыгарды, андай экен күбөлөргө “эмне үчүн калп көрсөтмө бердиңер” деп кылмыш ишин козгоп, алдамчы Маевскийдин сөзүнө ишенген соттор Роза Отунбаева менен Феликс Куловду баш кылып, калган күбөлөрдү да кошо камап салгыла. Ошондо соттордун чыгарган чечимине, алдамчы Маевскийдин сөзүнө коомчулук биз дагы ишеним артып калалы.  Ушунча эл башкарган адамдардын сөзү бир алдамчынын сөзүнө тең келбегени өкүндүрөт.

Источник: fakt.kg