Жанар Акаев: Матраимовдун тоюна эмес, согуш ардагерлерин куттуктап келдик

Обратите внимание на дату публикации.

Оштун Кара-Суу районунда бир тууган Матраимовдор өткөргөн иш чарага өкмөт жетекчилери жана парламенттин төрагасы баш болгон депутаттардын барышы коомдук сайттарда катуу сынга кабылды.

Исмаил Матраимовдун элесине арналган волейбол жана мини-футбол боюнча мелдеш өтүүдө.

Матраимовдордун бири Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов. Экинчиси, "Райым миллион" деп элге кеңири таанылган Райымбек Матраимов буга чейин Бажы кызматын башкарып иштеген. Атамбаев президент Жээнбековдун бийлигин Бакиевдин бийлигине салыштырып, бажыдагы коррупция жана "Раим миллион" темасын козгоп, анын коррупцияга каршы күрөшүн жасалма деп сынга алып келатканы белгилүү.

Интернет колдонуучулар жергиликтүү чакан иш-чарага түп көтөрүлө барып, "чоң маселе толуп жатса, тойлоп жүрөт" деп, бийлик өкүлдөрүн жана депутаттарды катуу сындап жатат.

Назгуль Мамытова:

Байкуш көлдүктөр менен кочкорлуктар жамгырда уранды жапкыла деп, жөө-жалаңдап Бишкекке келишсе, депутаттар төрага баш болуп, миллионер Матраимовдордун тоюнда чардап жүрүшүптүр. Байкуш митингчилер Жанар Акаев келет деп күткөнбүз дешти. Кудай жазаңарды берсин силердин!

Кундуз Ажибекова:

Бугун Кара-Суу районуна караштуу Жоош айылында азыркы бийликтин эрке балдары болуп жүрүшкөн «даңазалуу» Матраимовдор атасы Исмаил Матраимовдун жаркын элесине арнап спорттук иш-чараларды уюштуруптур. Ал иш чарага ардактуу мейман болуп, Жогорку Кеңештин депутаттары да барыптыр. Көл, Нарындан эл борборго келип, уюткулуу элдин тагдырын ойлонтуп, баш оору болуп жаткан уран кени тууралуу маселе козгошуп, эл өкүлдөрүнө кайрылышты. Жогорку Кеңештен депутаттардын келишин күтүп, кезерип ачка, жамгырда суукта турушту. Ал эми биздин бийлик (депутаттар) эт менен челдин ортосунда казы-карта чучук жеп, уча табакка отуруп, эл менен иши жок тойлоп жүргөнү кандай? Ии баса, Матраимовдордун иш-чарасында жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тикеси менен тик туруп кызмат кылышыптыр. Мына азыркы бийликтин коррупцияга каршы күрөшүүсү. Эмнеге Раим Матраимовду фин полиция үч айдан бери текшерип бүтө албай жатат десе, кептин төркүнү бул жакта жаткан турбайбы…

Gulnura Toralieva:

Пусть депутаты не требуют больше «борьбы с коррупцией», в чиновники прекращают ее изображать.#раимрулит

Аруузат Акбекова:

МАТРАИМОВдордун турнирине ким кана барган эмес, демек чынында куч бар экен да!

Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев "Фейсбук" баракчасына: "Урматтуу достор, жеке мен Кара-Суудагы иш чарага кымындай жаман оюм болбой, спикер баштаган бардык фракциялардын депутаттары менен чогуу келдим. Өзүм беш күндөн бери Ошто болчумун. ЖК депутаты Искендер Матраимов майрамдык иш чара уюштуруп, беш миндей эл келээрин, спорттук ири таймаш болоорун айтып, чакырган. Биз Райым Матраимовдун тоюна же туулган күнүнө эмес, согуш ардагерлерин куттуктап, эл менен учурашып кайттык. Депутаттар чакырган аймактарга барып эле жүрөбүз. Эч жаман ою жок, кесиптештер менен барып кайттым эле. Эми, сиздердин эмоцияны да түшүнөбүз, тепкилегенге чыдашка аргасызбыз",-деп жазды.

 

Источник: Кыргызская служба Би-Би-Си