Кылычбек Султан Текебаевдин иши боюнча: "Адилетсиздик болуп жатканда бардык жарандар жана саясий күчтөр биригиш керек"

Автор: Нургазы Аматов
SUPER.KG SUPER.KG

"Азыр саясий партиялар талашып-тартыша турган мезгил эмес, баары биригип өлкөнүн келечеги үчүн бир муштумдай болуп күрөшүш керек". Мындай пикирин бүгүн, 23-апрелде Бишкекте Жогорку Соттун алдында Өмүрбек Текебаев, Садыр Жапаров жана Дүйшөнкул Чотоновду колдогон митингдин жүрүшүндө мурдагы элчи Кылычбек Султан билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү митингге парламентте фракциялары бар бардык партиялар катышыш керек эле. "Азыр биз көрүп жаткан адилетсиздик бир гана “Ата Мекенге” же жалгыз эле Текебаевге, же Жапаровго же Чотоновго карата эмес. Башка партиялар муну көрүп-билип турушат. КСДП партиясы да адилетсиздикке күбө болуп жатат. Алар дагы митингге келип катышып, өздөрүнүн сөзүн айтыш керек эле. Бүгүн кошунаңдын үйүнө келген адилетсиздик эртең сенин үйүңө келет. Ошондо жалгыз каласың. Бул өңдүү көрүнүшкө жол бербеш үчүн мындай адилетсиздик болуп жаткан жерде сөзсүз ар бир жаран, ар бир саясий күч биригиши зарыл", - деди Султан.

Экс-элчи бул адилетсиздик менен күрөш учурдагы президент Сооронбай Жээнбековдунэртеңки күнүн, келечегин аныктай турганын айтат. "Эртең Жээнбеков бийликтен кетет, ал киши да ушундай адилетсиздикке туш келип калбашы үчүн адилетсиздиктин тамырын азыр кыркыш керек. Бул ар бир жарандын, ар бир саясий күчтүн, азыркы бийликтегилердин кызыкчылыгы. Кечээ эле бийликте тургандар бүгүн адилетсиздикке кабылып жатканын көрүп турабыз. Бул тарыхый сабак болуш керек эле.

Азыр саясий партиялар талашып-тартыша турган мезгил эмес, ошол эле бийлик дагы оппозиция менен талашып-тартыша турган мезгил эмес. Адилетсиздикти азыркы бийлик да көрдү, оппозиция да көрүп турат. Кыргыз өлкөсүнүн келечеги үчүн баары биригип, бир муштумдай болуп күрөшүү кажет. Учурда мамлекеттердин баары алдыга өнүгүп жатат, өсүп жатат. А биз болсо адилетсиздиктин сазынан чыга албай жатабыз. Буга чекит коюу зарыл", - деди мурдагы элчи.
 

Источник: super.kg