23-апрель “Ата Мекен” партиясынын жана Текебаевдин доору бүткөндүгүн тастыктоочу күн болуп калды

Адам баласына Жараткандан насип, ырыскы, атак-даңк жана башка сыяктуу буйрук болот эмеспи. Башкалардан өзгөчөлөнтүп үн, көздүн жоосун алган сулуулук, узунураак тил же бой берип, ага кошуп акылын тунартып Кудай пенделерин бирине бирин окшотпой жараткан. Жараткандын буйругун адам баласы акылына, дараметине жараша кармана алат. Кээси жогорудан берилген “белекти” аша чаап, ырыскысын көтөрө албай көмөлөнүп кетсе, башкалары тескерисинче бардан жок кылып, аз берсе аны көбөйтүп турмуштун доорун сүрөт.

Доор демекчи, Өмүрбек Текебаев жаштайынан саясатка аралашып, анын турмуштагы “доору” 25 жашынан башталган. Калп айткан менен болобу, курчтугу, бетке айтып тайманбастыгы менен Өмүрбек Текебаев көптөгөн саясатчыларды артта калтырып доор алмаштырган.

Бир эмес төрт президенттин тушунда саясатта болду. Дегени деген, айтканы айткан заман да болду. Кыргызстан эле эмес дүйнөгө атагы чыкты. Пайдалуу иштерди да жасады. Партия түптөп бир убакта лидерликти да колуна алды. Тагыраагы турмушта ал өз доорун сүрдү. Бул талашсыз!

Бирок, ал пенде экенин унутуп, Кудайды тааныбай, көзүн май басты. Өзүн Кудай сезбесе да анын биринчи орун басарындай сезип, көктө Жараткан болсо жерде мен деген текеберликке өттү. Колдогондорду короосуна киргизип, жооп кайтаргандарды сүзө баштады. Саясаттан акча жасап, каалаганын кыла алды. Керек учурда келиндердин мойнуна кур илгенге да жетишти. Бул доор эмей эмине?!

Мага баары боло берет, мага баары жарашат деген Текебаев акыры аңга түшүп, аңдан ары тор артына кетти.

Адамдардын аң сезими менен ойноп көнгөн Текебаев бүгүнкү күнгө чейин элдин оюн башка нукка бурууга аракеттенип келет. Сол колу менен жасаган нерсесин оң колуна көрсөтпгөн Чиркешович, кылыктарын мойундагысы келбейт. Түрдүү ыкмаларды кылып көрдү. Болочок президент Бабанов болот деп аны да колдоп көрдү, болбой калган соң Сооронбай Жээнбековго ыктап көрдү. Юбилейди шылтоо кылып “айтып” көрдү. Айласы куруп “камералаш” Садыр Жапаровго кошулуп көрдү. Экөө биригип да элди чогулта албады. Болбоду! Эми өзүнүн күнөөсүн өзгөгө оодарып, бүгүнкү бийлик, С.Жээнбеков “бовойт” дегенге өттү. Демек, Текебаевди мактап, актаган бийлик гана таза, анын жүзүн ачыктаган бийлик башкачабы?

Көрбөйт деп ууру кылба, укпайт деп ушак айтпа деп ата-бабаларыбыз насаат кылып кеткен. Атадан кем уул, атага тең, атадан артык уул деп да айтылат. Андыктан Текебаевден кем, ага тең, андан артык да инсандар бар экенин унутпайлы. Мамлекетибизде маанилүү, зарыл иштер толтура экенин билели. Элүү жылда эл жаңырып, доор алмашып тураарын эстен чыгарбайлы.
Кош “Ата Мекен”!

Источник: tribuna.online